​Израилде тыңчылык программасын ишке ашырган компаниянын кеңсесинде тинтүү жүрдү

  • 3 года мурун

Израилдин атайын кызматы Pegasus тыңчылык программасынын иштеп чыккан NSO Group компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүздү.

Бул тууралуу Израилдин Коргоо министрлиги билдирди.

Июлда Forbidden Stories уюму жана бир нече ЖМКлар израилдик компаниянын программасы журналисттер менен өкмөт башчыларын, анын ичинде Франциянын президенти Эммануэль Макронду аңдуу үчүн колдонулган билдиришкен.

NSO Group тинтүү тууралуу маалыматты тастыктап, текшерүүнү кубаттай турганын билдирди. Билдирүүдө Pegasus системасы журналисттер менен саясатчыларды аңдууда колдонулганы жалган маалымат деп аталган. Компания бул программа террористтер менен кылмышкерлерге каршы күрөшүүгө багытталганын белгилөөдө.

Calcalist басылмасы NSO Group компаниясына тергөө аракеттери боюнча алдын ала эскертилгенин жазды. Мындан тышкары атайын кызматтар документтерди терең иликтеп чыккан эмес. Журналисттер Израилдин Коргоо министрлиги NSO Group компаниясынын ишине кызыктар экенин жана аны буга чейин соттук доолордон коргоп келгенин жазышты.

Буга чейин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшоо мүмкүн болгон бир катар мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин ысымдарын ачыкка чыгарган

Анда Франциянын, Мексиканын, ТАРдын, Ирактын президенттери, Марокконун королу, Пакистан менен Египеттин премьер-министрлери жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы 2016-жылдан бери өздөрүнүн смартфондоруна киргизилген вирус аркылуу тымызын аңдууга кабылганы айтылган.

Pegasus программалык камсыздоосу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты