​Данияр Аманалиев: Креативдүү экономиканы киргизсек, тез өнүгүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот (ВИДЕО)

“ПОЛИТКЛИНИКА” медиасынын “СЕРЕП” берүүсүндө Кыргызстан үчүн жаңы идея катары эсептелген креативдүү экономика, креативдүү индустрия сунушу менен чыккан “Ололо” түйүндөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири — ДАНИЯР АМАНАЛИЕВ мейманда болду.


-Улуу Британияны карасак, алар 12 индустрияны креативдүү экономика деп эсептешет. Бул, биринчиден, IT тармагы, программисттер, фэшн-дизайн, мода тармагында иштегендер. Үчүнчүдөн, китепкана, галереялар. Төртүнчүдөн — театр. Бешинчиден — кино, телевидение, массалык маалымат каражаттары. Андан башка — басма иши, жазуучулар, архитекторлор, дизайнерлер.

Кыргызстанда болсо, аталгандардан башка деле тармактарды, мисалы туризмди креативдүү экономикага киргизсек болот. Билим берүү тармагын деле мен креативдүү экономикага киргизет элем, анткени бизге программисттер, журналисттер керек.

Ар бир өлкө креативдүү индустрия тизмесин тандайт. Мисалы Индонезияны карасак, ал жакта гастрономия деле — креативдүү экономиканын бир тармагы.

IT тармагын креативдүү экономиканын локомотиви деп эсептесек болот. Мисалы, Ололо бул коворкинг, биз креативдүү экономиканын өкүлдөрүнө офистерди, иш орундарды ижарага берип жатабыз. Карасак, 35% дан ашык резиденттерибиз IT тармакта иштеген адамдар экен.

Эмнеге ошондой болуп жатат? Анткени креативдүү экономиканын Кыргызстан үчүн өзгөчөлүгү — продукттарды башка өлкөлөргө чыгаруу үчүн транспорттук чыгымдардын кереги жок. Өнүккөн өлкөлөр менен түз соода кыла алабыз. Ал жакка продукту сатсак, биздин өзгөчөлүгүбүз жана артыкчылыгыбыз, албетте, чыгашаларыбыз азыраак болгонунда. Мисалы Австралияда иштеген компанияларга караганда биздин продуктунун өзүнө турган наркы төмөнүрөөк.

Өкмөткө креативдүү экономика боюнча бир эле сунушум бар: Мен “креативдүү экономикага акча салгыла, мамлекеттик ишкана түзгүлө” дебейм, жөн гана креативдүү индустрияда иштеген адамдарга шарт гана түзүп, аларга тийбей коюш керек. Ошондо адамдар сонун нерсе чыгарышат. Аларга ишеним гана болуш керек.

Салык жагынан да креативдик индустрия парк режимин сунуштап жатам. Эгер ошондой шарт түзүлсө, Кыргызстан креативдүү экономика боюнча Борбор Азияда лидер болуп калат. Анан эң чоң артыкчылыгы – өнүккөн өлкөлөр менен түз соода кыла алабыз. Ошондо биздин тез өнүгүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Кыргызстандан таланттуу, гениалдуу адамдар кетип жатат. Биз ушул адамдар үчүн бир нерсе кылбайлыбы? Кандайдыр шарт түзүп, силер бул жакка керексиңер дебейлиби? Сөз менен эле айтпай, “шарт түздүк, Кыргызстанда эле жашабайсыңарбы?“ дешибиз керек. Ошондой таланттуу, гениалдуу адамдар өз өлкөсүнө чоң салым кылып жатышат. Бирок Кыргызстанда андай адамдар кетип, башка өлкөлөргө салым кошуп жатышат.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:




Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты