Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

  • 3 года мурун

Бүгүн жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңеши алгачкы сессиясында Кубанычбек Конгантиевди шаардык кеңештин төрагасы кылып шайлады. Кубанычбек Конгантиев “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган. Анын талапкерлигин 45 депутаттын 41и колдоду.

Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган. Көпчүлүк коалициясын “Ата-Журт-Кыргызстан”, “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ишеним” фракциялары түзүп, “Социал-Демократтар” менен “Ынтымак” оппозицияда калышкан.

Кубанычбек Конгантиев буга чейин эки жолу шаардык кеңештин депутаты болгон.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешин шайлоо үстүбүздөгу жылдын 11-июнунда болуп, ага алты партия өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты