Ысык-Көлдө жаан-чачындан улам сел жүрүп, жолдор жарактан чыкты

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Тоң районунда сел жүрүп, жолдун айрым бөлүктөрү жуулуп кеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Сел бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин жүргөн. ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, Балыкчы — Каракол трассасынын айрым бөлүктөру жабыркаган.

“Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, кырдаалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикееев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткенинин ӨКМ кабарлоодо.

Ал эми селдин кесепетин жоюу үчүн 15 куткаруучу жана эки атайын техника иштеп жатат. Селден жабыркагандар катталган эмес.

Сүрөт: ӨКМ маалымат кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты