Аскердеги офицердик курамдын жашы жогорулашы мүмкүн

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын эки жылга узартуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.


Мыйзам долбоорго ылайык, капитанга чейинки офицердик курамдын пенсияга чыгуу жашы 43 жаштан 45 жашка жогорулайт.

Ал эми майор жана подполковниктер 48 жашында пенсияга чыкса, мыйзам кабыл алынса, 50 жаштан чыга башташат.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Куралдуу Күчтөрдүн офицердик курамынын потенциалын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.

Ал эми Куралдуу Күчтөр министринин орун басары Нурлан Кирешеев бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Куралдуу Күчтөрдө жашы улгайган офицерлер кызмат ордун көпкө ээлеп калышат.

Коргоо министринин биринчи орун басарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2003 офицер кызмат кылат. Анын 1297си подполковникке чейинки офицердик курам.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты