​Жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы дагы 40 чакырым жер боюнча макулдашты

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 40 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдашты.


Бул тууралуу 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Абдулат Мырзаев билдирди.

Баткен облусуна өзгөчө макам берүүгө байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо учурунда депутат Осмон Турдумамбетов Тажикстан менен чек араны тактоо иши уланып жатабы деп сурады.

Мырзаев ушул тапта жумушчу топтун деңгээлинде иш жүрүп жатканын айтты.

«Акыркы үч жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар дагы 40 чакырым боюнча макулдашты. Августта Тажикстанда жолугушуу пландалууда. Андагы макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Иш жүрүп жатат, бирок бул маселе так качан чечиле турганын айта албайбыз» деди Мырзаев.

12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуунун соңунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн айдын соңунда Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолукканда чек ара боюнча документ кабыл алынган эмес.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Ал эми 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандыкчек арачы набыт болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты