​Коронавирус илдети интеллектти начарлата турганы чын. Бирок, интеллект өмүр бою калыбына келбейт деген жөн гана божомол (Фактчекинг)

25-июнь күнү “Next Tv” телеканалында “Окумуштуулар коронавирус интеллекттин начарлашына алып келээрин жана ал кийин калыбына келбей турганын аныкташты” деген маалымат жарыяланган. Анда, бул изилдөөнү Улуу Британиянын окумуштуулары жүргүзгөнү жана ага 80 миңден ашуун адам катышканы айтылат.

​Коронавирус илдети интеллектти начарлата турганы чын. Бирок, интеллект өмүр бою калыбына келбейт деген жөн гана божомол (Фактчекинг)


ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирус илдети дүйнө жүзүнө тарай баштагандан тартып, кээ бир окумуштуулар ооруп айыккан адамдарда эс тутумдун начарлашы, уйкунун бузулушу сыяктуу симптомдор байкалышы мүмкүн экенин айтып келишкен. Анткени, коронавирус өпкө жана башка органдар менен катар мээнин нейрондоруна да таасир берээри аныкталган.

Covid-19дун интеллектке болгон коркунучтуу таасири

Коронавирустун интеллектке терс таасир берээри тууралуу изилдөө 22-июль күнү “The Lancet” илимий-медициналык журналында жарыяланган.

“The Lancet” журналындагы илимий макалалар, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынат жана ишенимдүү болуп саналат.

Буга чейин коронавирустун интеллектке олуттуу таасир берээри айтылса да, бул илимий жактан далилдене элек болчу. Өз кезегинде, Улуу Британиялык Уиллиам Трендер баштаган окумуштуулардын бул масштабдуу изилдөөсү бул убакка чейин айтылып келген божомолдордун далили катары берилген.

Аталган изилдөөгө жалпы 81 миң 337 адам катышкан. Изилдөө “BBC2 Horizon” платформасынын жардамы менен алгач “онлайн анкета” түрүндө жүргүзүлүп, коронавирус менен ооруп айыккандарда эң көп кайсы симтомдор кездешип жатканы тууралуу керектүү маалыматтар чогултулган.

Андан соң, илимпоздор Covid-19дан жапа чеккен адамдардын жынысы, жашы, расасы, кирешеси билим деңгээли жана башка көрсөткүчтөрн эске алуу менен дени сак адамдардын натыйжалары менен салыштырышкан.

Натыйжада, коронавирус менен ооруп айыккан адамдарда, бул илдет менен оорубаган адамдарга салыштырмалуу:

  • Баш оору;
  • Ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чечүүдөгү кыйынчылыктар;
  • Концентрациянын жоголушу;
  • Керектүү сөздөрдү табуудагы кыйынчылыктар;
  • Унутчаактык сыяктуу белгилер көп байкалган.

​Коронавирус илдети интеллектти начарлата турганы чын. Бирок, интеллект өмүр бою калыбына келбейт деген жөн гана божомол (Фактчекинг)

Бул симптомдор жалгыз гана Covid-19 дун оор формасы менен ооругандарда эмес, ооруну жеңил формада өткөргөндөрдө да байкалган.

Тактап айтканда, коронавирус менен ооруп айыккан адамдарда салыштырмалуу түрдө интеллектик көрсөткүч 7 баллга төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, чоң адамдын нормалдуу интеллектуалдык көрсөткүчү (IQ ) 85-115 арасында болот.

Мындан сырткары окумуштуулар, коронавирустун интеллектке болгон таасири, убакыттын өтүшү менен калыбына келбейт деген жыйынтыкка келишкен. Анткени, коронавирусту жуктуруп алган алгачкы күндөрдө пайда болгон симптомдор дээрлик бардык адамдарда тогуз айдан ашуун убакыт өтсө да жоголуп, организм толугу менен калыбына келген эмес.

Бирок, изилдөөнүн авторлору бул божомол экенин жана дагы терең изилдөөнү талап кылаарын айтышкан.

Ал эми, кээ бир эксперттер интеллектти калыбына келтирүүнүн жолдорун айтып келишсе да, бул илимий жактан далилдене элек.

Белгилей кетсек, азыркы убакка чейин Кыргызстанда 158 миңден ашуун адамдан коронавирус табылды.

Жыйынтык: Улуу Британиялык окумуштуулардын коронавирус адамдын интеллектин начарлата турганын аныктаганы чын. Бирок алар интеллект кийин калыбына келбей калышы мүмкүн деген божомолун гана айтышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты