​COVID-19: Эмдөө кандай жүрүүдө?

Кыргызстанда бир сутка ичинде эмдөөдөн 13 264 адам өткөн, анын ичинен 11 866 биринчи дозаны, 1 398 адам экинчи дозаны алган.

Жалпы эмдөөдөн өткөндөр:

1 доза — 348 598;

2 доза- 107 636.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнчн штаб билдирди.

Убактылуу эмдөө пункттарынын иштөө графиги


Мамлекеттик убактылуу эмдөө пункту — 8.00-23.00;

Жеке медициналык борборлор — 8.00-17.00 (акысыз);

Жалпы билим берүүчү мекемелер — 9.00-17.00;

Соода жана көңүл ачуу борборлору — 10.30-21.30;

Маданий жана спорт борборлору — 9.00-17.00;

Көчмө мобилдик бригадалар — 9.00-17.00.

Вакцинациядан өтүү үчүн кайрылган адамдын жанында паспорту болушу керек.

Убактылуу эмдөө пункттары көбөйтүлдү


Калкты массалык түрдө эмдөө максатында 914 убактылуу эмдөө пункту ачылды, анын ичинен 646 — мамлекеттик медициналык мекемеде, 10 — жеке медициналык мекемеде, 100 — жалпы билим берүү мекемеде, 12 — соода-оюн зоок мекемеде, 12 — маданий — спорттук мекемеде, 31- базарларда жайгашып жана 103 — мобилдик топ бар.

2021-жылдын 16-июлунан баштап Бишкек шаарындагы «ГУМ» соода-оюн-зоок борборунда, «Берекет», «Аламүдүн» базарларында кошумча убактылуу эмдөө пункттары ачылды.

Ошондой эле, күнү- түнү төмөнкү эмдөө пункттары иштеп жатат:

Бишкек ш. (15 ҮМБ, 5 ҮМБ, студенттердин эмканасы);

Ош шаарында (Ак- Тилек к-р шаардык оорукана, Курманжан Датка, 122 дареги боюнча жайгашкан тез жардам станциясы, Курманжан Датка, 157 дареги боюнча жайгашкан шаардык оорукананын эски имараты);

Ысык-Көл облусу ( Кара-Кол ш. мед.колледж, Чолпон-Ата ш. ЖДПБ);

Жалал-Абад облусу ( #1 ҮДТ, Жалал-Абад БҮМБ).

Эмдөө пункттун тандоону жарандар үчүн жеңилдетүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан интерактивдүү карта ишке кирген, анын жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын дарегин, байланыш номерлерин жана кайсы вакцинанын бар экенин биле алышат.

Калкты эмдөөгө жазылууну жеңилдетүү максатында онлайн сервис ишке кирген. Колдонуучулар керектүү талааларды толтуруу менен ( аты-жөнү, ПИН) ылайыктуу пунктту жана убакытты тандай алышат.

Жогоруда аталган санариптик сервистер төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жайгашкан www.vc.emed.gov.kg.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты