#ПАЙДАЛУУ: ​Фитнес, чуркоо… Дагы кантип арыктоого болот?

Фитнес, чуркоо… Дагы кантип арыктоого болот ?

Ашыкча салмак менен күрөшүү дайыма күнүмдүк рационду контролдоо, диеталарды сактоо менен биргеликте ар кандай көнүгүүлөрдү үй шартында же спорт залда аткаруу менен коштолот. Албетте, булардын баары арыктоого жардам берет. Бирок ошол эле учурда мындай кайталануу адамды тажатып, ансыз да чектөөлөрдөн кыйналган эркти бошоңдотуп жибериши мүмкүн. Андыктан кыялыңыздагы идеалдуу дене түзүлүшкө карай жолдо ар бир аракетиңиз сизге кызыктуу болуп, бат арыкташыңыз үчүн ПолитКлиника медиасы сизге арыктоонун дагы башка жолдорун жана алар менен алектенүүгө болгон жерлерди сунуштайт.

Аэробика

Аэробика менен машыгуу узак аралыкка жакшы темп менен чуркаганга барабар болуп калаарын билет белеңиз?

Шаңдуу музыканын ыргагында аткарылчу көнүгүүлөрдүн айкалышы болгон аэробика 80-жылдары анчейин кызыгууну жарата бербеген гимнастиканын ордуна келген. Азыр анын 50гө жакын майда түрлөрү бар. Машыгуунун бул түрү денеңиздин төмөнкү бөлүгүнө жакшы күч келтирет. Бир сааттык машыгууда 500-600 каллорияны жок кылууга жардам берет. Эске алчу жагдай, каллорияларды жок болуусу 20 мүнөт тынбай машыгууда кийин башталат. Кардио машыгууларга кирген аэробика көтөрүмдүүлүктү, интенсивдүүлүктү талап кылат. Бул машыгууларды үй шартында видеолордун жардамы менен ошондой эле атайын залдарда курска жазылып жасоого болот.

“Life Fitnes” фитнес клубу.

Аэробика, йога.

Иш убактысы: 8:00дөн 20:00гө чейин. Аэробика менен алектенүү шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;

Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанова көч.109;

Баасы: айына 2500 сом, 12 сабак болот;

Байланыш номери: 0707 901 999.

Сууда сүзүү

Спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле, сууда сүзүү да жүрөгүңүздү машыктырып, чыдамдуулукка үйрөтүп, арыктоого жардам берет. Бирок башка спорт түрлөрүнөн башкы артыкчылыгы машыгуу учурунда суу кошумча тоскоолдукту пайда кылат. Ошондуктан булчуңдардын кыймылдоосу кургактыкка караганда көбүрөөк күчтү, аракетти талап кылат. Сууда сүзүп арыктоо үчүн сүзүүнүн стилдери да маанилүү. Стилдерге карай сууда сүзүүдө көкүрөк, желке, кол, пресс, бут булчуңдары кыймылга келет. Арыктоодо эң эффективдүүсү-баттерфляй стили. Бирок ал аябай оор болгондуктан стилдерди алмаштырып, ылдамдыкты бир жогору, бир төмөн кылып сүзүү керек.(Сүзүү стилдерин видеодон көрсөңүз болот) Көңүл буруучу нерсе арыктоо процессинде өз рационуңузду жакшы контролдошуңуз керек. Анткени суудан чыккан адам аябай ачка болуп, тамак-ашты ашыкча жеп, процесс тескери эффект берип калышы мүмкүн. Машыгуудан кийин жер-жемиш, йогурт, дандуу батондор менен азыктануу сунушталат.

“Maximum” ден соолук борбору

Иш убактысы: Дүйшөмбү-жума 7:00дөн 23:00гө чейин, ишемби 7:00дөн 20:00гө чейин, жекшемби 7:00дөн 22:00гө чейин;

Дареги: Турусбекова көчөсү 109/1;

Баасы: күндүзгү сүзүүлөр айына 6200 сом, кечкиси 8900 сомдон;

Байланыш номери: 0701 757 505.

Велосипед тебүү

Велосипед тебүү дененин бардык бөлүктөрүн кыймылга келтирген спорттордун бири. Өзгөчө бел, буттун жалпы булчуңдары, сан, таман, кол, ийин кур булчуңдары активдешет. Жүрөк-кан тамыр системасын чыңдоонун жана вестибулярдык аппараттарды, дем алуу системасын жана эң башкысы сизге керек болгон зат алмашууну тездетет. Тебүүнүн интенсивдүүлүгүнө карай, саатына 300-480 каллорийге чейин жок кыла аласыз. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн бир жарым сааттан тебүү сунушталат. Баштоочуларга жумасына 3 жолудан 40 мүнөт тебүү ыңгайлуу. Педальдын оордугун улам көбөйтүп отуруп, кайра акырын түшүрүп туруу керек. Мындай алмашуулар жакшы эффект берет. Анан дагы тебүү алдында бир аз машыгып, денени кызытып алуу ашыктык кылбайт. Тебүүнүн жолу катары, атайын парктарды, өйдө-төмөн болуп турган дөңсөөлөрдү тандаса болот.

Велосипед

Эгерде шаардын парктарында тебүүнү пландап жатсаңыз анда кадимки эле велосипеддерди сатып алсаңыз болот. Ал эми тоскоолдуктары бар дөңсөөлөрдү тандаган болсоңуз гибрид деген түрүн алыңыз.

Орто эсеп велосипеддердин баасы 7-9 миңдин тегеринде.

Зумба

Зумба — бул кадимки аэробдук кыймылдарды латын, хип-хоп жана курсак бийинин жөнөкөй элементтери менен айкалыштырган фитнес түрү. Негизинен, зумба — бул жогорку жана төмөн интенсивдүү бий кыймылдарынын ортосунда кезектешип туруучу интервалдык машыгуу. . Классикалык зумба күч келтирүүчү аракеттерди камтыбагандыктан, аны менен күнүгө алектенсеңиз да болот. Процесс эс алууну талап кылбайт жана сеанстын бардык 40-50 мүнөтүндө жүрөктүн кагышынын жогорку ылдамдыгы менен кыймылдай аласыз. Музыканын ыргагы да көтөрүмдүүлүктү жогорулатат. Бий учурунда көп көнүгүүлөр аткарылгандыктан дененин бардык булчуңдары, өзгөчө дененин төмөнкү бөлүгү чыңалат.

Болжол менен 1 саата 369 кккал жоголот. Эгерде жумасына беш күн алектенсеңиз жумшак диета менен айкалышта — 1,5-2 жуманын ичинде 1 кг кетирүүгө болот.

“Бишкектеги Зумба” уюму Бишкек шаарында эки фитнес борборлорунда жайгашкан.

Дареги: Токтогул көчөсү 93/ Дзержинский ,“Престиж” фитнес борбору;

Иш убактысы: зумба шейшемби, бейшемби күндөрү саат 19:00дон баштап;

Баасы: 1 айга 2000 сом, 8 сабак болот.

Экинчи фитнес борбор

Дареги: Карл Маркс/ Койбагаров 4 микрорайон, “Terra Sport” фитнес борбору;

Иш убактысы: зумба дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 9:00дө башталат;

Баасы: 1 айга 2500 сом, 12 сабак болот;

Байланыш номери: +996 555 69 73 70;

+996 555 27 25 77;

+996 776 69 73 70.

Аскага чыгуу

Альпинизм же аскага чыгуу (скалолазание). Спорттун бир түрү. Көпчүлүк арыктоодо бул спортту фитнеске баруу же жүгүрүүгө караганда эффективсиз деп ойлоосу мүмкүн. Бирок бул жаңылыштык. Анткени аска бетинде жеке салмакты көтөрүп жогору чыгуу, дененин жогорку жана ылдыйкы бөлүктөрүн кыймылга келтирет. Айрыкча пресс, моюн, жана бел көп чыңалат. Саатына болжолдуу 588 ккалдан арыла аласыз. Бирок бул аскага чыгуунун түрүнөн да көз каранды. Аскага чыгуунун 3 түрү кеңир жайылган: белгилүү убакытта жогорку ылдамдык менен аскага чыгуу, тоскоолдуктары көп аска бетине чыгуу жана боулдеринг (видеодон көрсөңүз болот) Арыктоодо жакшы жыйынтык бергени ылдамдыкка негизделген түрү олуп эсептелинет. Эң башкысы азыркы учурда сиз аскага чыгуу менен алектенүү үчүн сөзсүз шаардан сыртка чыгуу талап кылынбайт. Шаар ичинде коопсуз жана жеткиликтүү скаладромдор бар.

On The Wake эс алуу спорт комплекси

Дареги: Анкара 1/31;

Иш убактысы: Иш күндөрү 15:00 22:00, эс алуу күндөрү 10:00 22:00;

Баасы: 1 айга 1990 сом, 8 сабак болот. 12 сабак 2490 сом;

Байланыш номери: 0555 119 922.

Ат минүү

Ат минүү отурган абалда алектенчү спорттун катарына киргени менен, арыктоодогу пайдалары көп. Анткени үзөңгүдө карманып туруу, ат үстүндөгү балансты сактоо эле чоң мээнетти талап кылат. Ошондой эле фитнесте кыймылга келтирүү кыйын болгон ич булчуңдары, ички сан булчуңдары жакшы чыңалып, фитнес, чуркоого салыштырмалуу омуртка менен муундарга көп күч келбейт. Ал эми эки жакты карап, бурулуу, жаныбарды башкаруу үчүн колдордун кыймылдашы менен дене мүчөнүн жогорку бөлүгүнө көнүгүү жасаган болосуз. Ээрге отурууну үйрөнүү учурунда эле адам саатына 300 ккал, ал эми атка минүү түрлөрүнө карай 500-800 ккалдан айрылат. Эң жакшы ат минүү түрлөрү катары “рысь” жана “галоп” эсептелинет.(видеодон көрсөңүз болдот) Асфальт жерлерде ат үстүндө жүрүү сунушталбайт. Бул ат үчүн ыңгайсыз жана атка минүүчүнүн муундарына да зыян.

“Hyde Park”

Ат минүүнү үйрөнүү

Дареги: Дорожный көчөсү 14;

Иш убактысы: Дүйшөмбү-жекшемби 10:00 дөн 22:00гө чейин;

Баасы: Аренада сейилдөө саатына 800 сом;

Тоого сейилдөө 800 сом;

Экстремалдык жүрүш саатына 1000 сом;

Байланыш номери: 0755 707 001.

Теннис

Чоң теннистин арыктоодогу пайдасы профессионалдар тарабынан таанылган. “Эки адам ойноосу талап кылынган теннис атаандаштыкты жаратып, азарт менен ойной баштайсыз. Бул спорт менен алектенүүнүн кызыктуу болушун шарттайт. Топту урууда дененин жогорку бөлүгүнүн булчуңдарына күч келип, кол, желке, бел жана пресс чыңалат. Ошондой эле дем алуу, жүрөк кан тамыр системалары чыңдалып, көтөрүмдүүлүк жогорулайт. Бир канча күн теннис менен алектенүүдөн кийин сиз ылдамыраак жана узака чуркап калганыңызды байкай аласыз. Бир сааттык оюн 400-600 ккал жок кылууга жардам берет.

“Академия тенниса”

Дареги: Гоголь көчөсү 77;

Иш убактысы: Дүйшөмбү-жекшемби 9:00дөн 22:00гө чейин. (Жекшемби күнү машыктыруучу болбойт);

Баасы: Айына 2 адамга 4000 сом, 8 сабак болот. 4 адамга 3200 сом, 8 сабак болот;

Байланыш номери: 0551 543 850.

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты