Парламент «Үлпөт той жана маарекелердеги ашыкча чыгымды чектөө» жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш 22-июлда депутат Улукбек Ормонов сунуштаган «Үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Аталган мыйзам, 10-май күнү коомдук талкууга коюлган. Мыйзамдын максаты, жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганы айтылган.

Долбоордун талаптары боюнча:

Той, үй бүлө, маараке салтанаттары (6-берене)

— Үй бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана жана иш-чаралар 100 дөн ашпаган адамды чакыруу менен;

— Үлпөт той 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде;

— Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3 төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүлөт; -деп жазылган.

Ал эми 7-берене боюнча сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз экени жазылган. Бирок бодо мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;

Зыяратчыларды узатуу жана тосуу үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;

Мындан сырткары, үлпөт той, маараке, салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 08:00дөн 23:00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлө турганы белгиленген.

Эгерде бул талаптар аткарылбай турган болсо, 8-категориядагы айып пул каралган. Тактап айтканда, жеке тараптар — 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом айып пул төлөшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты