Коронавируска каршы эмдөө. Кыргызстанда 318 миң жаран вакцинанын биринчи дозасын алды

  • 3 года мурун

Кыргызстан боюнча жалпы 318 миң жаран COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы менен, ал эми 103 миң 941 адам экинчи дозасы менен эмделди.


Бул тууралуу 23-июлда өткөрүлгөн брифингде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Жалалидин Рахматуллаев, эмдөө коронавирустан коргоонунун эң ишенимдүү жолу экенин айтып, буларга токтолду:

«Биз мекендештерибизди, эмдөө алууга үндөп келе жатабыз. Анткени бул Covid-19 дан өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоо үчүн аябай маанилүү”, — деп билдирди.


Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча жалпы 847 пунктта эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты