​Тажикстанга көмүр ташып бара жатып, кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаа Сүлүктү шаарынын мэринин уулуна таандык

  • 3 года мурун

Мурдагы күнү, 18-июлда Тажикстанга аткезчилик жол менен көмүр ташып бара жаткан унаа кыргыз чек арачыларынан качам деп кырсыкка учурган.


Ал жүк ташуучу унаа Сүлүктү шаарынын мэри Абдусамат Халбековдун уулуна таандык болгон.

Бул маалыматты ал «Kaktus.Media» басылмасына тастыктап:

«Шаардын мэри болуп дайындалаарым менен фирманы уулума өткөрүп бергем, ал жакта иштер эмне болуп жатканын билген эмесмин. Кечээ, жакында эле уктум. Мага балдар айткандай, машиненин айдап бараткан шопур балдар унааны биздин фирмадан ижарага алышкан экен. Биз бардыгын сураштырып, тактайбыз. Ал эми көмүрдү аз камсыздууларга таратабыз», — деген.

Абдысамат Халбеков шаардык кеңешке «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шайланып келип, 7-июнда Сүлүктү шаарынын мэри болуп шайланган.

Абдысамат Халбековго «Алтын Кен плюс», «Ак Булак көмүр» ишканалары таандык. Ошондой эле ал Сүлүктү шаардык кеңешин мурдагы депутаты Алмазбек Базарбаев менен бирге көмүр казган дагы бир «Табышкер» деп аталган ишканын тең төрагасы.

Эске сала кетсек, 18-июлда Лейлек районунун Кароол-Дөбө участкасында нөөмөттө турган чек арачылар көмүр жүктөлгөн «SHACMAN» жүк ташуучу унаасын токтотууга аракет кылышкан.

Айдоочу чек арачылардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылган. Артынан кууганда, унаа оодарылып кеткен. Айдоочусу жана жанындагы шериги кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты