​“Европолис” соода түйүнүндө күзөт кызматкери менен кардар мушташканы чын. Бирок ага бир гана беткап себеп болгон эмес (Фактчекинг)

13-май күнү, “Жизнь в Майами” Telegram каналында “Питер. Европолис соода борборунун күзөтчүсү беткабы жок адамды муунтуп жатат” деген видео жарыяланган. Видео 28 секундага созулуп, эки адам мушташып жатканы көрсөтүлгөн.

​“Европолис” соода түйүнүндө күзөт кызматкери менен кардар мушташканы чын. Бирок ага бир гана беткап себеп болгон эмес (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Европолис” соода комплекси, Россиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан. Аталган соода комплексинде 160 тан ашуун ар кандай товарларды саткан дүкөндөр орун алып, Питердеги чоң соода түйүнүндөрүнүн бири болуп эсептелет.

Видео кыскартылып берилген

“Европолис” соода комплексинде күзөт кызматкери менен кардардын ортосундагы уруш 11-июлда болуп өткөн. Бул тууралуу маалымат эң алгач “Фонтанка.ру” сайтына жүктөлүп, видеонун узундугу дээрлик 1 мүнөт 18 секунданы түзгөн. Башкача айтканда, Telegram каналга жүктөлгөн видео 50 секундага кыскартылып берилген.

Окуя биринчи кабатта, эскалатордун жанында болгон.

​“Европолис” соода түйүнүндө күзөт кызматкери менен кардар мушташканы чын. Бирок ага бир гана беткап себеп болгон эмес (Фактчекинг)

Биз интернеттен бул эскалатор “Европолис” соода комплексинде экенин аныктадык.

Видеонун башталышында жаш жигит курбусу менен күзөтчүнүн жанына келип, текшерүүсүз өтүп кетүүгө аракет кылган. Анын бет кабы жок экенин байкоого болот. Күзөтчү кирүүгө уруксат бербей койгондо, жаш улан аны түртүп, агрессивдүү аракеттерди жасай баштаган. Алгач, күзөт кызматкери конфликттен качууга аракет кылган. Бирок, көп узабай жаңжал курчуп, күзөтчү менен кардар мушташа кетишкен.

Кийинчерээк, lenta.ru сайты, кардар 21 жашта болгонун жана бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын жазып чыккан.

Россияда беткап тагуу мыйзамы күчүндө

Россияда 2020-жылдын 20-октябрында, Covid-19 дун жайылуу коркунучун азайтуу үчүн “милдеттүү түрдө беткап тагынуу” тууралуу токтом кабыл алынган.

Токтомдо, 50 кишиден көп чогулган жерлерде мисалы: базарларда, коомдук транспорттордо, лифттерде ошондой эле соода комплекстреринде беткап тагынуу милдетүү экени жазылган.

Эгерде бул талап бузула турган болсо 100 рубльдан 20 миң рубльга чейин айып пул салынаары белгиленген.

Мындан сырткары, кээ бир каршылыктарга карабастан Россияда милдеттүү беткап тагынуу токтому азыркыга чейин күчүн жогото элек.

Россиянын президенти Владимир Путин 28-мартта “Россия 1” телеканалына берген маегинде качан гана калктын 70%ы вакцина алганда милдеттүү беткап тагынуу чечими жокко чыгарылаарын айткан.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму беткап тагынуу коронавирустун жайылуу темпин азайтаарын белгилеп, коомдук жайларда беткап тагууга үндөп келет.

Жыйынтык: “Европолис” соода комплексинде күзөт кызматкери менен кардардын мушташканы чын. Бирок ага кардардын беткап тагынбаганы гана эмес, орой мамилеси жана агрессивдүү кадамдары да себеп болгон. Мындан сырткары, Россияда азыркы учурга чейин беткап тагынуу милдеттүү болгондуктан, коомдук жайларда беткап тагынбоо мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты