​COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 58 398 киши вакцина алды

  • 3 года мурун

Акыркы такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда бир сутканын ичинде 58 миң 398 киши коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды.


Алардын ичинен:

Бишкек шаарында — 1733;

Ош шаарында — 754;

Ош облусунда — 43015;

Чүй облусунда — 1519;

Ысык-Көл облусунда — 3402;

Талас облусунда — 1012;

Нарын облусунда — 2005;

Жалал-Абад облусунда — 2991;

Баткен облусунда — 1967.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Алар мындай жыйынтык медицина кызматкерлеринин ыктыярчылар менен тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 1 миллион 200 миң дозасы алынып келинди. Анын 150 миңин Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бекер берген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты