Акыйкатчы институту вакцинация жүргүзүүдө мажбурлоого жол берилбеши керектигин эскертти

  • 3 года мурун

Акыйкатчы институтунун алдындагы “1152” шыр байланыш кызматына Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган вакцинация жүргүзүүдө айрым жетекчилер тарабынан мажбурлоо ыкмасы кездешип жатканына арыздангандар көп болууда.


Кайрылгандардын айтымында, жетекчилик тарабынан “вакцина албасанар жумуштан бошотобуз, айлыгынарды кыскартабыз» деген кысымдар болуп жаткандыгын, ал эми алар аталган вакцинацияны алгысы келбегендигин билдирүүдө.

«115” шыр байланыш кызматына келген көптөгөн кайрылууларды жана телефон чалууларды эске алып, Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен вакцинация жүргүзүүдөн алыс болууга чакырат. Ошондой эле, мындай мажбурлоо фактылары аныкталган учурларда мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.

Ошол эле учурда, вакцина алуу бул адамдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн дүйнө мамлекеттеринин бирдиктүү саясаты, максаты, бүтүндөй калктын ден-соолугуна кам көрүү экендигин эске алуу зарыл экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты