«​Вакцинация тукумсуздукка алып келет»деген Шайлообек Атазовдун пикири жөн гана ушак

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Фейсбуктагы» баракчасына коронавирус илдетине каршы вакцина алуу иш-чарасын сынга алып, бул адам ден-соолугуна ар кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн экенин жазган.


Шайлообек Атазов:

«Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш чара болуп жатат! Мага бугун маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр. Вакцина — элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес! Саламаттыкты сактоо министрлиги ковид менен күрөшүүдө элибизди вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок» — деп жазган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы “7 каналга” вакцина тууралуу берген маегинде, Вакцина — бул жаңы препарат. Бул тукумсуздукка алып келеби же алып келбейби эч ким билбейт. Балким, вакцина тукумсуздукту көбөйтүшү мүмкүн”, деп билдирген.


«Политклиника» медиасы бул боюнча фактчекинг уюштуруп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит ОБрайендин маалыматына таянып, «коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келбейт, бул жөн гана ушак»-деген тыянакка келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты