​Азербайжан берген 40 миң доза «AstraZeneca» Бишкекке жеткирилди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17-июлда, Азербайжандан Кыргызстанга 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы келди.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, министр Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин негизинде гуманитардык жардам иретинде берген.

«Оор эпидемиологиялык кырдаалда Азербайжан республикасынын Кыргызстанга бир туугандык мамилесин көрсөтүп, колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылган Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

«AstraZeneca» вакцинасы «Sputnik V» жана кытайлык «Sinopharm» сыяктуу эле эки ирет эмделет. Азербайжан берген вакцина 20 миң кыргызстандыкты эмдөөгө жетиштүү.

Эске сала кетсек, COVID-19га каршы «AstraZeneca» вакцинасы Оксфорд университетинин окумуштуулары жана «AstraZeneca» фирмасы тарабынан иштелип чыккан.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты