​Марлен Маматалиев “Ынтымак” партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодон четтетилиши боюнча маалыматты манипуляциялаган (Фактчекинг)

10-июль күнү, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, “Ынтымак” саясий партиясы Ош шаардык кеңештеги кайра шайлоодон өз эрки менен баш тартты” деген маалыматты жарыялаган.

​Марлен Маматалиев “Ынтымак” партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодон четтетилиши боюнча маалыматты манипуляциялаган (Фактчекинг)ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Ынтымак” саясий партиясы 2012-жылы негизделген. Азыркы учурда бул партияны Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев жетектейт.

Партия, 11-июлда өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоого Бишкек жана Ош шаарлары боюнча катышуу ниетин билдирген.

Добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилди

9-июль күнү, Борбордук шайлоо комиссиясы “Ынтымак” саясий партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтеткен. Ага, шайлоодо байкоочулук милдетти аткарган “Жалпы иш” коомдук фондунун арызы себеп болгон.

Фонд Ош шаардык милициясы “Ынтымак” партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирген. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылуу жасалган.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Ош шаардык милициясы шайлоочуларга акча сунуштаган төрт кишини кармаган. Текшерүү учурунда алардын жанынан жашоочулардын тизмеси жана 115 миң сом табылган. Милиция кармалгандар кайсы партиянын талапкерлери жана үгүтчүлөрү экенин ачык жарыялаган эмес. Бирок алардын бири 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу жаран экени белгиленген. Кийинчерээк ал «Ынтымак» партиясынан шаардык кеңешке талапкер Бахадир Латиханов экени белгилүү болгон.

​Марлен Маматалиев “Ынтымак” партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодон четтетилиши боюнча маалыматты манипуляциялаган (Фактчекинг)

Бахадир Латиханов, “Ынтымак” саясий партиясынын Ош шаардык кеңеши боюнча 17-тизмеде жер алган эле.

Аталган окуядан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясында бул маселе каралып, “Ынтымак” партиясын шайлоодон четтетүү боюнча чечим чыгарылган. Өз кезегинде, партия лидери Марлен Маматалиев Азаттык маалымат агенттигине берген маегинде “Ынтымак” партиясынын мүчөсү добуш сатып алуу менен кармалганын ырастаган.

Маматалиев социалдык тармактарда бул окуяны башка өңүттөн сүрөттөп берген

Борбордук шайлоо комиссиясы “Ынтымак” саясий партиясын шайлоодон четтеткенден кийин, партия лидери Марлен Маматалиев социалдык тармактарда “Биз шайлоодон өз эркибиз менен баш тарттык” деген маалыматтарды бөлүшкөн.

Билдирүүдө, Ош шаарындагы шайлоо процеси таза эмес өткөндүгү жөнүндө айтылып, бул чечим алдын ала кабыл алынганы белгиленген. Ал эми, партиянын шайлоодон добуш сатып алуу аракети менен четтетилгендиги тууралуу айтылган эмес.

Жыйынтык: Марлен Маматалиев “Ынтмак” саясий партиясынын шайлоодон чететилүүсүнүн себебин чыныгы себебин манипуляциялаган. Анткени, партияны алгач Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамды бузгандыгы үчүн четтеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты