​Исхак Пирматов дагы «Бикардга» жатты

  • 3 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-депутат Исхак Пирматов дагы «Бикард» жеке менчик клиникасында дарыланат.


Бүгүн, 13-июлда «Кумтөр» иши боюнча камакта жаткан дагы бир айыпталуучу, Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев дал ушул ооруканага жаткырылган.

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бикардда» дарыланып жатканына экинчи ай болду.

Андан мурун Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы абакта жаткан кезинде «Бикардда» бир нече ай дарыланган.

«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматовдор 31 – майда камакка алынышкан. 2-июнда Биринчи май райондук соту Исхак Пирматовду 31-июлга чейин камакка алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты