​Азитромицин дарысынын натыйжалуулугу аныкталбаганы чын. Фактчекинг

Facebook тармагынын колдонуучусу коронавируска карата колдонулуп жүргөн Азитромицин дарысынын эффективдүүлүгү далилденбегенин жазып чыккан. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты аныктап көрдү.

​Азитромицин дарысынын натыйжалуулугу аныкталбаганы чын. Фактчекинг

COVID-19 оорулууларында азитромицин натыйжалуубу?

Экспериментке Британиянын коронавирус диагнозу коюлган 300 тургуну катышкан. Илимпоздор инфекциянын азитромицинди кабыл алуусун жана COVID-19ду алып жүрүүчүлөрдүн ооруканага жатуу ыктымалдуулугуна кандай таасир этерин изилдешкен. Коронавирус менен ооруканада эмес стандарттуу дарылоодо азитромицинди ичүү ооруканага жатуу же өлүм коркунучун азайткан эмес.

«Дүйнө жүзү боюнча дарыгерлердин COVID-19 менен күрөшүү үчүн азитромицинди колдонууну токтотушу шарт. Бул коронавирус бактерияларынын дарынын таасирине туруштук бере баштоосуна алып келет», — деп изилдөөчүлөр белгилешет. Жыйынтыктап айтканда, жеңил жана орточо деңгээлде коронавирусту дарылоодо азитромицин ооруканага жаткырылгандардын санын азайтпары жазылган.

Ошондой эле коронавирустун татаалдашына каршы күрөшүү үчүн колдонулган азитромицин, башка дары-дармектер менен бирге колдонулганда инфарктка алып келиши мүмкүн. Мындай тыянакты Чикагодогу Иллинойс университетинин окумуштуулары жасаган.

Эмне белгилүү?

Азитромицин — кеңири таралган жана жүрөк үчүн коопсуз антибиотик деп эсептелет.

Азитромицин — антибактериалдык, сезгенүүгө жана вируска каршы касиеттеринин кеңири спектрине ээ активдүү антибиотик. 2020-жылдын башында COVID-19 дарылоо үчүн талапкер дары катары баса белгиленген.

Азитромицин адамдын вирустарына каршы кеңири вируска каршы активдүүлүккө ээ. Ал коронавирусту гидроксихлорохин менен айкалышып азайткан. Мындан тышкары азитромицин алган балдарда альфа жана бета коронавирустарынын азайышы байкалган.

Протокол 5 ке киргизилген

Кыргыз Республикасыныны Саламаттыкты сактоо министрлиги 2021-жылдын апрель айында коронавирустук инфекцияны аныктоо жана дарылоо боюнча убактылуу клиникалык колдонмонун бешинчи протоколу чыккан. Протоколдо коронавирус менен күрөшүүдө колдонулган антибиотиктер деген бөлүм жазылган. Пневмониянын оор түрүндө стационардык деңгээлдеги дары катары азитромицин көрсөтүлгөн.

Азитромицин пневмонияны дарылоодо гана колдонулат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев азитромицин дарысы коронавирусту дарылоодо жардам бербешин айтты: “Бир дагы антибиотик Covid-19га жардам бербейт. Эгерде адамда бактериалдык пневмониянын белгилери болсо азитромицин биринчи катардагы антибиотик болуп эсептелет. Жеңил түрдө өткөн коронавирус болсо эч бир антибиотик берилбейт. Өз алдынча бул дарыны колдонуу туура эмес”,- деди.

Жыйынтык: Азитромициндин Covid-19 вирусуна каршы эффективдүүлүгү аныкталбаганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты