​Коронавирустун “ДЕЛЬТА” штаммы адамды угуу жөндөмүнөн ажыратышы мүмкүн экендиги илимий жактан далилдене элек (Фактчекинг)

4-июль күнү, Россиянын Спутник радиосунда короновирустун Индияда чыккан “Дельта” штаммы адамды угуу жөндөмүнөн ажыратышы мүмкүн деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу, Россиянын медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирустун “Дельта” штаммы март айында Индияда пайда болгон. Аталган штамм эң коркунучтуу деп эсептелип, бул убакка чейин чыккан коронавирустун штаммдарынан жугуштуулугу менен айырмаланган. Азыркы учурда коронавирустун “Дельта” жана мутацияланган “Дельта+” штаммы дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүнөн табылып, 200 миңден ашуун адамга жуккан. Алардын арасында Россия жана Казакстан дагы бар.

ДССУ: “Коронавирустун “Дельта” штаммы өлтүргүч күчкө ээ”

24-май күнү, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Индияда жаңы чыккан “Дельта” штаммы бүткүл дүйнөгө коркунуч алып келе турганын билдирген. Ал, Covid-19дун бул жаңы түрү өтө тездик менен мутацияланаарын жана коргонуунун эң эффективдүү жолу вакцинация экенин айткан.

Ал эми, Калифорниядагы UCLA университетинин медицина багытындагы профессору доктор Энн Рейман:

“Жугуштуук деңгээли жогору болгон коронавирустун “Дельта” варианты калктын эң аялуу катмарын жабыркатат. Айрыкча Covid-19 эмдөөлөрүнүн деңгээли төмөн жерлерде «өлтүргүч» күчкө ээ болот”, — деп билдирген.

Азыркы учурда, коронавирустун “Дельта” штаммы Улуу Британияда тездик менен жайылып жаткандыктан, Британиянын бир канча изилдөө борборлорунда бул штаммдын өзгөчөлүктөрүнө анализ жүргүзүлгөн.

“Zoe Covid symptom study” институтунун изилдөөсүнө ылайык, дельта варианты менен ооруган бейтаптардын көбүндө:

  1. Баш ооруу
  2. Тамак ооруу
  3. Мурундан суунун көп агышы
  4. Температуранын жогору болушу
  5. Жөтөл жана көкүрөктүн оорушу сыяктуу симптомдор пайда болгон.

Изилдөөнүн автору, профессор Тим Спектор “Дельта” варианты менен жаштар дагы ооруй турганын билдирген:

«Май айынын башынан бери биз мобилдик тиркемелердеги эң көп кездешкен симптомдорду байкап жатабыз жана алар мурункуларынан айырмаланып турат. Оорунун ушул варианты менен ооругандарда температура жогору болот, бирок жыттын жоголушу азыраак байкалат. Көпчүлүгү аны тумоонун өтүшкөн түрү менен алмаштырып алышат”,- деп маалымдаган.

Мындан сырткары, “Дельта” штаммы жуккандан кийин организмдеги оорулуу клеткалардын мутацияланышына алып келгендиктен жана вакцинага каршы күчтүү коргонууга ээ болгондуктан ооруусу күчөп каза болгон бейтаптар көбөйгөн.

Бул тууралуу 3-июнда өткөрүлгөн “SARS-CoV-2нинАнглияда иликтенип жаткан варианттары” деген брифингде айтылган.

Коронавирустун “Дельта” штаммынын диарея, ич ооруу, кусуу, муундардын сыздоосу жана укпай калууга чейин алып барышы мүмкүн экендигин Индиялык врачтар айткан. Бул тууралуу маалымат “BLOOMBERG” журналына жана “The new Indian Express’’сайтына жарыяланган.

Мисалы, Фортис ооруканасынын доктору Сушин Датт:

“Covid-19 баш сөөктөрдүн нервдерине таасир эте турган нейротроптук вирус. Ошондуктан Covid-19 инфекциянын угуу нервинин иштешин бузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу таң калыштуу эмес. Угуу жөндөмүнүн төмөндөшү Ковидге байланыштуу экендиги белгилүү болсо дагы, угуунун начарлашын жалгыз Дельта менен байланыштыруу мүмкүн эмес”,- деп билдирген.

Ошондой эле бир катар Индиялык врачтар угуу жөндөмүнүн жоголушу коронавирустун “Дельта” штаммына байланыштуу болушу божомол экенин жана ал азыркы учурда илимий жактан далилдене элек экендигин айтышкан.

Коронавирустун “Дельта” штаммы жана Кыргызстан

1-июль күнү, Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун бардык штаммдары анын ичинде Индиялык “Дельта” варианты да катталганын билдирген.

Бирок, 9-июль күнү брифингде Профилактикалык медицина илимий-өндүрүштүк ассоциациясынын директору Омор Касымов Кыргызстанда “Дельта” штаммы каттала электигин айтып, Саламаттыкты сактоо министринин сөзүн жокко чыгарган.

Маалыматта, азыркы учурда Республика боюнча 85,7% Британдык штаммы, 14,2% Түштүк Африка менен ооругандар экени айтылган.

Жыйынтык: Коронавирустун “Дельта” штаммы менен ооругандар угуу жөндөмүн жоготушу мүмкүн деген маалымат илимий жактан далилдене элек. Мындан сырткары, бир канча Индиялык врачтар аны далилдөө оор экенин айтышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты