Шаардык кеңеште кайрадан баягылар. Депутаттардын үчтөн экиси гана жаңырат

Кыргызстанда 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо болуп өттү. Буга чейин 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоодо аталган шаарлардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мыйзам бузуулардын көптүгүнө байланыштуу жокко чыгарылган. ПолитКлиника редакциясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоо кандай болуп өткөндүгү тууралуу маалымат берет.

Мурункусуна караганда аз

Бишкек шаардык кеңешин шайлоого аз шайлоочу катышты. Бул тууралуу Боршайком маалымдайт. 11-апрелде болуп өткөн шайлоого салыштырганыбызда, 11-июлдагы добуш берүүгө 31 миң адамга аз шайлоочу өз добушун берди. Ал эми добуш берүүгө шайлоочулардын 25% гана катышты:


Кайрадан катышкандар

Бишкек шаардык кеңешинин мандаты үчүн он сегиз партиянын өкүлдөрү ат салышышкан. Он сегиз партиянын он бири 11-апрелдеги шайлоого катышкан. Алардын арасында “Ата-Журт-Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары бар. Дал ушул эки жана башка партиялардын өкүлдөрү көп мыйзам бузуулар менен кармалгандыгы үчүн Боршайком 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешин шайлоонун жыйынтыктарын 239-токтому менен жокко чыгарган.


Шаардык кеңешке кайсы партиялар өттү?

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештин курамына жети пайыздык босогону откөн партиянын өкүлдөрү депутат боло алат. Бишкек шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бир канча саясий партия мандаттарга ээ болот. Аларды төмөну графиктен байкасаңыз болот:

Ал эми жети пайыздык босогого “Биздин Кыргызстан” партиясы 0,7% жетпей калса, “Реформа” дээрлик эки пайызга жакын добуштарды чогулта алган жок.


Эң көп мандатты “Эмгек” алат

Жергиликтүү кеңештин мандаттары жети пайыздык босогодон өткөн партиялар арасында бөлүштүрүлөт. Саясий партиялар, алган добушуна жараша, мандаттарга ээ болушат, ал эми талапкерлер шайлоого катышкан партиянын тизмесиндеги ордуна жараша ээ болот. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат төмөндөгүдөй бөлүнөт:

“Кайрадан баягылар”

Алдын ала жыйынтыктар боюнча өтө турчу адамдардын 33%ы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары. Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп эмгектенип жаткандар “Эмгек” жана “Ынтымак” партияларында төрттөн болсо, “Ата-Журт-Кыргызстан” жана “Ишеним” партияларында үчтөн катталган.

Шайлоо жыйынтыктарын тааныбагандар да бар

Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары чыгарылгандан кийин, «Улуу-Журт» жана «Туран» партияларынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына чогулушту. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Улуу-Журт» 0,22 пайыз, «Туран» 0,38 пайызга ээ болду.

Ал эми шайлоочулардын 5,37 пайыз добушун алып, 7 пайыздык чектен өтө албай калган «Реформа» партиясы социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жалпыга кайрылуу жасады.

«Ушул жылдын апрель айындагы шайлоодо добуштарды кеңири сатып алып, административдик ресурстарды колдонуу менен шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына себеп болгон айрым партиялар бул жолу дагы негизги мыйзам бузуучулар болушту. Реформа» БШКны жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарын мыйзам бузуулардын бардык фактыларын кылдат жана объективдүү иликтөөгө алып, мыйзам бузган тараптарга карата чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу, «Реформа» партиясы БШКны мыйзам бузуулар боюнча бардык соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин шайлоонун жыйынтыгын бекитпөөгө чакырды

Автор: Чолпонбек Сабырбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты