​Коронавирус тууралуу мифтер жана чындыктар

COVID-19 вирусу дүйнө жүзүнө тарагандан бери эл арасында бул ооруга байланыштуу ар түрдүү мифтер, калптар айтылып келет. ПолитКлиника медиасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сатоо уюмунун коронавирус боюнча сунуштамаларын чогултту.

ФАКТ: Витамин жана минералдык кошумчалар COVID-19 айыктырбайт

D, С витаминдери жана цинк сыяктуу микроэлементтер иммундук системанын нормалдуу иштеши үчүн маанилүү жана ден-соолукту чыңдоого кам көрөт. Учурда COVID-19 дарылоо үчүн микроэлементтердин кошулмаларын колдонууга байланыштуу атайын сунуштар жок.

ФАКТ: Изилдөөлөр көрсөткөндөй, гидроксохлорохиндин COVID-19 дарылоодо клиникалык пайдасы жок

Гидроксихлорохин же хлорохин, безгек, кызыл эритематоз жана ревматоиддик артритти дарылоодо колдонулган дары. Учурда алынган маалыматтар боюнча, бул препарат COVID-19 менен ооруканага жаткырылган пациенттердин өлүмүн кыскартпайт жана ооруу даражасы орто деңгээлдеги бейтаптарга жардам бербейт. Бул препараттын COVID-19 дун жеңил түрүнө таасиринин клиникалык баалуулугу тастыктала элек. Гидроксихлорохин жана хлорохин безгек жана аутоиммундук оорулар менен ооругандардын көпчүлүгүн дарылоодо коопсуз экендиги далилденген, бирок медициналык козөмөлсүз колдонуу олуттуу терс таасирлерге алып келиши мүмкүн.

ФАКТ: Машыгуу учурунда маска кийүүгө болобу?

Масканы көнүгүү учурунда кийүүгө болбойт, анткени ал ыңгайлуу дем алууга тоскоол болот.

Тердөө масканы тез нымдап, дем алууну кыйындатып, микроорганизмдердин көбөйүшүнө түрткү берет.

Машыгуу учурунда маанилүү профилактикалык иш-чара болуп башкалардан кеминде бир метр аралыкты сактоо саналат.

ФАКТ: COVID-19ду козгоочу вирус суу же сүзүү аркылуу жайылбайт

COVID-19 вирусун сүзүп жүргөндө суу аркылуу жугушу мүмкүн эмес. Бирок вирус адамдардын тыгыз байланышында жайылат.

СУНУШТАЛГАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ЧАРАЛАР:

Эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз жана сууда сүзүүдө дагы, жабык бассейндерде дагы айланаңыздан кеминде 1 метр аралыкты сактаңыз. Суудан чыкканда физикалык аралыкты сактоо мүмкүн болбосо маска кийип жүрүңүз.

ФАКТ: Вирус бут кийим аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Бут кийим аркылуу COVID-19 вирусун жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Коопсуздук чарасы катары, айрыкча, жерде ымыркайлар жөрмөлөп жүргөн үйгө барып калсаңыз бут кийимиңизди чечип кирүү сунушталат. Бул баланын бут кийимдин таманында болгон ар кандай кирлер менен контакт болуусуна жол бербейт.

ФАКТ: Үй чымындары COVID-19 вирусун алып жүрбөйт

Учурда, үй чымындары COVID-19ду жуктура алаарын тастыктаган далилдер же маалыматтар жок. COVID-19 вирусун козгогон адам, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө пайда болгон аэрозол тамчылары аркылуу жайылат. Мындан тышкары, адам булганган буюмдарды кармап, андан кийин колун жуубай көзүнө, мурдуна же оозуна тийсе, жугушу мүмкүн.

ФАКТ: Мурунду туз эритиндиси менен тез-тез чайкап туруу жаңы коронавирустун инфекциясынан сактай алабы?

Жок. Мурунду эритинди менен дайыма чайкап туруу жаңы коронавирус инфекциясынан сактай алат деген илимий далилдер жок. Айрым маалыматтарга караганда, мурунду туз эритиндиси менен чайкоо суук тийгенде айыгууну тездетет. Бирок мурунду чайкап туруу дем алуу органдарынын инфекцияларынын алдын алууда натыйжалуу экендиги жөнүндө эч кандай далил жок.

ФАКТ: Сарымсак жаңы коронавирусту жуктуруудан сактайбы?

Сарымсак — бул белгилүү бир микробдорго каршы касиетке ээ пайдалуу азык. Бирок, учурдагы эпидемия учурунда, жаңы коронавирустун жугуштуу оорусун алдын алуу каражаты катары сарымсак жегендин эффективдүүлүгүнө далил боло элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты