​Тажикстан жарандарын мобилизациялай баштады

  • 3 года мурун

Тажикстан менен Афганистандын чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон резервдеги 20 миң адамды аскерге чакырды.


Акыркы айда Афганистандагы «Талибан» кыймылы таасирин күчөтүп, Афганистандын дээрлик жарымын ээлеп алышты.

Борбордук Азия, КМШ аймагына жол ачкан Тажикстан менен болгон чек аранын 70 пайызын талибдер өз көзөмөлүнө алды. Афганистандын өкмөттүк аскерлеринин миңден ашыгы Тажикстандын аймагына кире качкан.

Талибдер Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектеш айрым райондорду да каратууга жетишип, стратегиялык жолдорду өз көзөмөлүнө алууда.

АКШ аскерлеринин Афганистандан чыга башташы “Талибан” террористтик кыймылынын активдүүлүгүн күчөткөн.

21-июнь күнү “Талибан” жоочулары Афганистандын Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясындагы Шерхон Бандар чек ара бекетин басып алышты. Тажикстанды Иран, Пакистан менен байланыштырып турган стратегиялык жол талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты