Сиздин Айнура же Нурбек деген таанышыңыз барбы? Булар өлкөдөгү эң популярдуу аттар

.

Сиздин Айнура же Нурбек деген таанышыңыз барбы? Булар өлкөдөгү эң популярдуу аттар

9-майга карата биздин редакция Жеңиш майрамынын урматына коюлган аттар жөнүндө материал даярдаган эле. Бул жолу биз өлкөбүздөгү эң популярдуу аттарды жана фамилияларды изилдеп көрүүнү чечтик. Сиз атыңызды популярдуу деп ойлойсузбу? Анда биздин материал менен таанышып чыгыңыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагындагы эки миллион сапка жакын маалыматты анализдеп, шайлоочулар арасындагы эң популярдуу аттарды жана фамилияларды аныктадык.

Боршайкомдун маалымат базасы боюнча, Кыргызстандагы мырзалар арасындагы эң популярдуу ат — Нурбек. Бул ысым менен 7857 киши катталган. Нурбектен кийинки эң көп кездешкен аттарга Азамат жана Айбек киришет:



Мындан тышкары эң популярдуу эркектердин аттарынын облустар боюнча таралуусун карап көрдүк:



Кыргызстан боюнча айымдар арасындагы эң популярдуу ысым — Айнура. Айымдардын дагы кайсы ысымдары көп кездешерин төмөндөгү графиктен көрсөңүз болот:



Айнура чындап эле эң популярдуу ысым экенин көрдүк. Себеби төрт облуста жана Бишкек шаарында бул ысымдын алып жүргөндөрдүн саны көп:



Кыргыздардын фантазиясы салттуу ысымдар менен эле чектелген эмес. Анализдеп жатып биз өзгөчө аттарды да кездештирдик. Мисалы: Мамаца, Сайцелим, Аюб, Поезбек, Токту. Биздин кичинекей тестибизден өтүп, өзгөчө аттар жөнүндө билип алыңыз:


Эми фамилиялар жөнүндө маалыматтарды сунуштайбыз. Кыргызстандагы ТОП-10 эркектердин жана аялдардын фамилиялары менен таанышып чыгыңыз



Алдыңкы экиликти түзгөн аял жана эркектердин фамилиялары бири-бирине дал келет, өлкө аймагында Исмаиловдор жана Абдуллаевдер көп. Аялдар жана эркектердин алдыңкы ондугун салыштырып, эки жакта тең Исаковдор, Юлдашевдер, Каримовдор, Осмоновдор, Маматовдор жана Эргешовдор кездешерин аныктадык:



Кыргызстан аймагында Исамиловдор менен Абдуллаевдер көп. Бул фамилиялардын аймактар боюнча таралуусун төмөнкү картадан көрүңүз:



А сиздин Айнура же Нурбек деген таанышыңыз барбы? Абдуллаев же Исмаилов деген фамилияларды көп кездештиресизби? Бул материалды жакындарыңыз менен да бөлүшүңүз, алар да эң популярдуу аттар жөнүндө билишсин.

Биз кантип эсептедик: биздин команда 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан, 18 жаштан өткөн бардык шайлоочулар жөнүндө маалымат базасын топтоду. Бул маалыматтар жалпыга ачык болуп эсептелет. Биз участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын бириктирдик. Алынган жыйынтыкка таянып, эң популярдуу аттардын жана фамилиялардын анализин жасадык.

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Эркеайым Темирболотова, Алтынай Нурланова


Дата-редактор: Айзада Тома

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.







Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты