​Балдар үйүндө соолуган өмүр

1-июнь күнү Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 12 жаштагы Игорь Якунин аттуу өспүрүм каза болгон. “Балдардын укугун коргоо лигасы” Игорь катуу сабалгандан улам каза болушу мүмкүн деген версияны айтышкан. Ал эми трагедиянын чыныгы себептери балдар үйүнүн жетекчилиги жана милиция тарабынан жашырылып жатканы белгиленген.


Игорь Якунин 2008-жылы төрөлгөн. Аны буга чейин америкалык үй-бүлө асырап алуу ниетин билдирип, 4 жолу АКШга барып келген.

Мындан сырткары, Игордун 17 жаштагы Богдан Якунин аттуу агасы да бар. Экөө тең балдар үйүндө тарбияланып, Богдан бир нече убакыт мурда балдар үйүнөн кеткен.

Өлүм себебинин эки башка версиясы


​Балдар үйүндө соолуган өмүр

Богдан Якуниндин (Игордун иши боюнча) адвокаты Кубанычбек Туманов Игордун өлүмүнө байланыштуу териштирүү учурунда, балдар үйүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлери анын жүрөк оорусунан улам каза болду деп айтышканын билдирген. Бирок, Игорь каза болгонго чейин анын ден соолугуна коркунуч келтирген дарты болгон эмес. Ал эми адвокат Кубанычбек Туманов жана “Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубкеова анын балдар үйүндө өзүнөн чоң бала тарабынан сабалып каза болгонун жана ага директордун түздөн түз тиешеси бар болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

​Балдар үйүндө соолуган өмүр

​Балдар үйүндө соолуган өмүр

Билдирүүдө балдар үйүнүн жетекчилиги толук кандуу коопсуздук шарттарын түзүп бербегени жана Игордун өлүмүнүн чыныгы себептери ачыкка чыкпаш үчүн текшерүүнү жүргүзбөй туруп жерге берилгени тууралуу дооматтар дагы жазылган.

Азыркы учурда бул иш боюнча тергөө иштери башталып экспертиза дайындады. Ал эми, балдар үйүнүн жетекчилиги Игорь Якуниндин өлүмү боюнча маалымат бере элек.

Аталган окуя боюнча ,13-июнда президенттик администрация Игорь Якуниндин өлүмү боюнча ишти Балдар укуктары боюнча акыйкатчы Жыпариса Рысбекова көзөмөлгө алганын билдирди.

Ошондой эле Акыйкатчы институту балдар үйүндө текшерүү жүргүзүп, 13-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чараларынын жүрүшүнө кетирүүнү талап кылган.

Белгилей кетсек, 25-апрелде Беловодскидеги психоневрологиялык борбордо анологиялык учур катталып, 15 жаштагы бала каза болгон.

Кыргызстанда 10 миңден ашуун бала интернатта тарбияланат


Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын июнь айына карата Кыргызстанда балдар үчүн 140 интернат тибиндеги мекемелер катталган. Ал мекемелерде 10,3 миң бала тарбияланат. Анын ичинен 4% жетим балдар.

​Балдар үйүндө соолуган өмүр

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты