​Семетей Аманбеков: Кодекстер реформасы прокурорлордун карапайым элдин үстүнөн алган реваншы болгону турат (ВИДЕО)

Башкы прокуратура демилгечи болуп, Кыргыз Республикасынын Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарынын долбоорлору сунушталып жатат. Кодекстерге киргизилип жаткан сунуштар жана алардын алешем жактары туурасында “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө юрист жана журналист Семетей Аманбеков айтып берет.

— Эми рычагдарды катуу кылышууда. Бул, менин оюмча, прокурорлордун карапайым элдин үстүнөн алган реваншы болмокчу.

Реванш алып, кодекстерди тез арада киргизгени жатышат. Мурда биз УКМК монстр болуп кетти, блогерлерден баштап, саясатчыларга чейин камап жатат деп айтсак, эми дагы бир монстр пайда болгону турат, ал — прокуратура органдары.

Көйгөйдүн баары — карапайым жарандарга тиет. Тергөөгө чейинки текшерүү деген жоюлуп калган. Бир дагы опер. кызматкерби, участкалык укук коргоо кызматкериби, адамды жөн эле алып келип, суракка алып, машинесин же үйүн тинтүүгө ала албайт. Анткени жоруктар жана кылмыштар бирдиктүү реестрине киргизилип, иш ачык-айкын болуп турчу. Эми ИИБге алып келип, “маалымат бар” деп коркутууга, акча доолап алууга негиз бар.

Буга чейинки кодекстер боюнча, алардын баары тыйылып, жакшы болуп калган. Эми кайра башталууга негиз болгону турат.

Чоң реформа жасап жатып, эмнеге кодекстерди түп-тамырынан чаап жатышат? Ушул эле кодекстерге өзгөртүү киргизип койсо болмок.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты