​Тажик бийлигине каршы жазылган арызды Эл аралык кылмыш соту каттоого алды

  • 3 года мурун

Ушул жылдын апрель айынын акыры, май айынын башындагы Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик агрессиясы боюнча жарандык активист, белгилүү юрист Сания Токтогазиева тажик бийлик адамдарынын үстүнөн Эл аралык кылмыш сотуна арыз таштаган.


Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасы аталган арызды каттоого алганын 14 — июнда Сания Токтогазиева билдирди.

Эске сала кетсек, юрист С. Токтогазиева жана бир катар жарандык активисттер топтогон материалдардын негизинде 6 – июнь күнү Рим статутунун 15-беренесин пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү келтирилген.

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын жай турмуштагы калкына 29 – апрель күнү куралдуу кол салуу уюштуруп, натыйжада 36 кыргыз жараны кайтышып болуп, 180дей адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы дагы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалап, «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты