​«Сосновкадагы» окуядан кийин бир катар кызматкерлерге сөгүш берилип, айрымдары иштен алынды

  • 3 года мурун

2021-жылдын 11-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктуна барып, пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталган. Тагыраагы, автотранспорт каражаттарын каттоо журналында «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунан 17 унаа өттү деп жазылса, динамикалык салмак габариттик көзөмөл тутумунда 20 автоунаа өткөнү билинген. Ортодогу айырмачылык 12 унааны түзгөн.

Бул боюнча Министрлер Кабинети атайын чечим кабыл алып, бир катар жетекчиликтер кызматтык жоопкерчиликке тартылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен 2021-жылдын 14-июнунда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Турганбаев Алмаз Абдылдаевичке;

– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак- габаритти контролдоо агенттигинин директору Айтиев Шухрат Анваровичке.

Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен тартип бузууларга жол берилгендиги үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары, ошондой эле «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун эки кызматкери (башкы инспектор, улук инспектор) ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты