​UNICEF Кытайдан Кыргызстанга вакцина алып келүүгө жардамдашат

  • 3 года мурун

Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза вакцина 20-июнга чейин келиши мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады. Ал буга UNICEF жардамдашып жатканын билдирди.


«Кытайдан грант түрүндө келе турган коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясы 20-июнга чейин келиши күтүлүүдө. Бул багытта бардык керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. UNICEF вакцинаны ташып келүүнү камсыздап бермей болду».

Буга чейин Кыргызстан Кытай берген вакцинаны алып келүүгө каражат издеп жаткан эле.

«Sinopharm» вакцинасынын 75 миң кишиге ылайыкташкан 150 миң дозасы март айында Кыргызстанга Кытайдан жардам иретинде жиберилген.

29-мартта өлкөдө эмдөө өнөктүгү башталган. Орусиядан 20 миң кишиге жеткидей «Спутник V» вакцинасынын 40 миң дозасы келген.

Жалпы эмделгендердин саны 90 миңден ашты.

Эл аралык COVAX программасынын алкагында «Astra Zeneca» вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты