​Спутник V вакцинасын алгандан кийин бир адам каза болду деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг)

13-июнь күнү Twitter социалдык тармагында, Бактыбек Жумашев аттуу интернет колдонуучусу Бишкекте Спутник V вакцинасын алгандан кийин бир адам каза болгонун жазып чыккан:

Жаңы эле досум чалды, анын тууганы каза болуптур. Жашы улуу эле адам экен. Ал жубайы экөөSputnik V вакцинасы менен эмделип, экинчи компонентин алгандан кийин,реанимацияга түшүп, андан кийин каза болуп калыптыр. Аялы дагы реанимацияда жатат. Туугандары нааразы …!”,-деп билдирген.




ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.


Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Вакцинадан каза болду деген маалымат такталган жок”


Россиянын Спутник V вакцинасы менен эмделген соң каза болгон жаран тууралуу маалымат алуу үчүн, Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, аталган факт боюнча шашылыш билдирүү келип түшпөгөнүн жана адистер иликтеп жатканын билдиришти.

Ал эми, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалыматты тараткан адам байланышка чыкпай жатканына токтолду:

“Вакцина боюнча маалыматты тараткан адам өзү кесиби боюнча юрист экен. Биз тактоо үчүн эмдөөдөн кийин каза болду дегенжарандын аты-жөнүн сурап кайрылсак, кайрадан байланышка чыкпай жатат. Туура эмес маалымат болуу ыктымалдуулугу жогору. Анткени эгерде ушундай факты катталса, 24 саат ичинде шашылыш билдирүү келип түшмөк. Азыр иликтеп жатабыз”, — деп билдирди.

Белгилей кетсек,22-апрелде Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын биринчи 20 миң дозасы, ал эми экинчи партиясы 10-майда келип түшкөн. Бирок, 19-май күнү Спутник V вакцинасы сакталган муздаткыч өчүп калганына байланыштуу 994 вакцина жараксыз болуп калган.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпысынан 500 миң Спутник V вакцинасы алына турганын жана анын жарымы гуманитардык жардам катары бериле турганын билдирген.


Спутник V вакцинасы


“Lancet” илимий журналында жарыяланган изилдөөдө Россиянын Н.Ф Гамалеи институту тарабынан өндүрүлүп чыккан Спутник V вакцинасынын эффективдүүлүгү 91.6% экени белгилүү болгон. Изилдөөнүн 3-фазасына 19 миң 866 адам катышкан. Алардын арасынан вакцина алган 45 адамда жана плацебо алган 23 адамда катуу терс таасирлери байкалган. Изилдөөчүлөр бул вакцина менен түздөн түз байланыштуу эмес деген бүтүмгө келишкен.

Ал эми, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Lancet журналындагы изилдөөгө таянып, вакцинанын эффективдүүлүгү 91,6% экенине кошулган.

Бирок, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму азыркы убакка чейин Спутник V вакцинасын чукул кырдаалда колдонула турган каражаттардын катарына киргизе элек.

ДССУ азыркы убакта чукул кырдаалда колдонула турган 7 вакцинаны кабыл алган. Алардын арасында кытайдын 2 вакцинасы бар.

Спутник V вакцинасы, башка вакциналар сыяктуу эле 3-фазасындагы клиникалык изилдөөсүнүн маалыматы ачык эмес деген сынга кабылып келет. Мындан сырткары, март айында Словакияда Спутник V вакцинасынын эффективдүүлүгү боюнча чуу чыккан. Словакия өкмөтү Россиядан келген 200 миң вакцинанын эффективдүүлүгү“Lancet” журналына жарыяланган изилдөөдөн айырмаланарын, кайра сатып алуудан баш тартаарын айтышкан. Ал эми Россиянын Өкмөтү өз кезегинде бул маалыматты четке кагып, ушул убакка чейин бир дагы адам өмүрүнө коркунуч келбегенин билдиришкен.

Жыйынтык: Бишкекте Спутник V вакцинасын алгандан кийин бир кыргызстандык каза болду деген маалымат тактала элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты