​УКМК: Абхазиядан мыйзамсыз автоунаа ташыган схема аныкталды

  • 3 года мурун

«Чалдыбар-автожол» (кыргыз-казак чек арасындагы) өткөрүү пунктунан Абхазиядан контрабандалык жол менен унааларды ташып келген схема аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Унаалар жасалма документ менен Армения аркылуу алынып келген.

Атайын кызмат бул фактыны “Экономикалык контрабанда” беренеси менен иликтеп жатат. Ага ылайык, 9-июнда Кыргызстандын жараны («И.Т.К.») «Вольво» маркасындагы автотралга сегиз автоунааны жүктөп келе жатканда «Чалдыбар-автожол» бекетинен колго түшкөн.

Ал автоунааларды текшере келгенде жасалма документтер табылган.

УКМК кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда жарандарды сак болууга чакырды.

23-мартта жарандар өкмөт үйүнүн алдында Абхазиядан Кыргызстанга алынып келинген жана келе турган автоунааларга тыюу салууга каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты