Электробустар боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2020 — жылы, август айында 50 млн долларга электробус алуу боюнча келишимге кол коюлган. Бирок көп өтпөй, сентябрь айынын акырында мэрия бул долбоорду андан ары улантпай тургандыгын билдирген.


Бүгүн, 14 – июнда Бишкек шаарынын транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков АӨБ менен электробустар боюнча сүйлөшүүлөр жанданганын билдирди.

Бул долбоор ишке ашса, “Экотакси” муниципалдык ишканасы ачылып, 100дөн 300 кВтка чейинки 55 кубаттоочу жабдыктары менен 120 электробустар алынат.

Сүйлөшүүнүн бардык жагдайларын мэрия коомчулукка ачык алып чыгаарын убада кылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты