​УКМК Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экенин аныктады

  • 3 года мурун

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, УКМК мурунку вице-спикер, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экенин аныктады. Анын дипломундагы № 748 – каттоо номуру башка бирөөнүн наамына жазылган.

УКМКнын маалыматында, ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинин үчүнчү курсуна чейин окуп, окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.

Кийин Төрөбай Зулпукаров КУУдан алган жасалма диплому менен ОшМУга экинчи жогорку билим алуу үчүн тапшырган. Андан ары Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейинки саясий ишмердүүлүгүн уланткан.

31-май күнү түштөн кийин УКМКга суракка чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынышты.

Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, тергөө А.Жээнбеков менен Т.Зулпукаровду камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоону соттон өтүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты