Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине кайра шайлоого партиялардан талапкер көрсөтүү аяктады

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине кайра шайлоого сасий партиялардан талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Үч шаардык кеңешке бардыгы болуп, 25 саясий партиянын талапкерлери катталды.


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бишкек шаардык кеңешине 17 саясий партиянын талапкерлери катталды:


  1. «Ата-Журт Кыргызстан»;
  2. «Эмгек»;
  3. «Туран» демократиялык партиясы;
  4. «Келечек-Будущее»;
  5. «Реформа»;
  6. «Өнүгүү-Прогресс»;
  7. «Биздин Кыргызстан»;
  8. «Биздин Эл»;
  9. «Столица» демократилык партиясы;
  10. «Замандаш»;
  11. «Ынтымак»;
  12. «Социально-политическая партия» «Сила в единстве»;
  13. Политическая партия мигрантов, застройщиков и центра аграрной реформы «Жаны-Мезгил»-мигранттар, үй куруучулар жана агрардык реформа борбору
  14. «Социал-демократтар»;
  15. «Ишеним»;
  16. «Улуу-Журт»;
  17. «Партия Зеленых Кыргызстана»-“Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиясы.


Ош шаардык кеңешине 9 саясий партия өкүлдөрү катталды.

  1. «Ынтымак»;
  2. «Улуу Журт»;
  3. «Бир бол»;
  4. «Биздин Кыргызстан»;
  5. «Бүтүн Кыргызстан»;
  6. «Ата-Журт Кыргызстан»;
  7. “Улуттар биримдиги»;

8. «Келечек-Будущее»;

9. «Нур» саясий партиясы

Токмок шаардык кеңешине 6 саясий партия өкүлдөрү катталды.

  1. «Эл биримдиги»;
  2. «Бирге-Вместе»;
  3. «Эмгек»;
  4. «Патриот ынтымагы»;
  5. «Асыл Мурас жаштары»;
  6. Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты