​Ноокатта жол кырсыгынан 3 киши каза болду

  • 3 года мурун

13- июнда Ош облусунун Ноокат районунда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында «Honda Fit» жана «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болгон (1 аял, 1 эркек, 1 жаш бала). 2 эркек киши оор жаракат алган.


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ноокат райондук №71 ӨКБ 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты