​COVID-19: 558 учур катталды. 9 киши каза тапты

  • 3 года мурун

13-июнга карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 558 учуру катталды. 9 киши каза тапты.


Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 231;
Ош – 77;
Чүй облусу – 57;
Ош облусу – 78;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 55;
Баткен облусу –23.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 319 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 102 633 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 110 370 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 9 киши каза тапты.

Бишкек – 5;
Чүй облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2.

Каза тапкандардын жалпы саны 1890 (Расмиий такталып чыккандан кийин) кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты