​“Кумтөр” иши: Динара Молдошевага кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошева “Кумтөр” иши боюнча коррупцияга шектелип, ага кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

9-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мурдагы биринчи вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков тергөө иши аягына чыкканга чейин камакка алынган. Динара Молдошеванын үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, чет жакка чыкпоо боюнча тилкат менен бошотулган.

«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс-депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан. 31 — майда Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты