​ӨКМ: Чоң-Алай районунун бир катар айылдарынын жашоочулары эвакуацияланууда

  • 3 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча эвакуацияны уюштуруу иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарындагы тургундарын саат 19:30дан тартып, Дароот-Коргон айылындагы Сайит атындагы орто мектептин, Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, Борбордук мечиттин имаратына эвакуациялай баштаганы маалымдалды.

Эвакуация иштерине КР ӨКМ райондук бөлүмү, Чоң-Алай районунун жетекчилик курамы, көчүрүү комиссиясы жана жарандык коргонуу комиссиясы толук тартылды.

КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жарандарды жайгаштыруу иштерди уюштурууда. Мындан сырткары, ӨКМ гуманитардык жардам боюнча да иш чараларын уюштура баштады.

4 — июнга караган түнү Тажикстан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарткан.

Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнө таандык МИ-8 учагы Алай районунда кулады. Учактын ичинде 15 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, азырынча 4 адам табылып, аларга алгачкы медицининалык жардам көрсөтүлгөн. Учак кыргыз-тажик чек арасына учуп бараткан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» участогуна байланыштуу маалыматы боюнча расмий билдирүү таратты.

-2002-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, учурда аны жазуу процесси жыйынтыктала элек. Буга байланыштуу «Унжу-Булак» участогу жазылгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт, -деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты