​Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева сурак берип чыкты

  • 3 года мурун

“Кумтөр” иши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Аскердик прокуратурада сурак берди.


Күбө катары чакырылган экс-депутаттан тергөөчүлөр “2012 – жылдагы “Кумтөр” боюнча кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомуна эмне үчүн “макул” деп добуш бердиңиз эле?”, — деген суроону беришкен.

Жылдызкан Жолдошева “депутат сүйлөгөн сөзү, берген добушу үчүн эч качан жоопкерчиликке тартылбайт. Эмне үчүн мен “макул” деп добуш бердим эле? Анткени токтомдун долбоору элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына туура келген”, — деп жооп берген.

Эске сала кетсек, 31 — май күнү УКМК Кумтөр иши боюнча коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы премьер — министр Өмүрбек Бабановду, экс — спикер, ЖК депутаты Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду камакка алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты