​Ош облусунда жер титиреди

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-майда саат 15:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 5 балл, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш айылдарында 4 балл, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Кулчу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.


Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты