​Периштелер түшкөнү далилденген жок. Видеодо дрондор шоусу тартылган

Социалдык тармак аркылуу 8-май түнү асмандан периштелер түштү деген видео тараган. ПолитКлиника медиасы бул видеону текшерип көрдү.

Видеодо түндө асмандан тегерек форманы жараткан жарыктар көрүнгөн. Ал тегерек айрым учурда формасын өзгөртүп турган. Видеону тарткандар Кадыр түнү асмандан периштелер түшүп жатат деген комментарий беришкен.

Видеодон алынган сүрөттөр:

Бул видеону тартып жаткан адам көчөнүн атын “Прокспект Мира”,- деп айтат. Кыргыз тилинде да сүйлөп жатышканы үчүн видео Бишкек шаарындагы “Тынчтык” прокпектисинде тартылганы жөнүндөгү комментарийлер да айтылган. Бирок онлайн инструменттер аркылуу “Тынчтык” проспектиси Москва шаарында жайгашканын билдик.

Ошондой эле видеодон “European Medical Center” деп аталган имаратты көрсөтөт. Яндекс карта инструменти аркылуу чындап эле “Тынчтык” проспектинде аталган клиника жайгашканын көрүүгө болот.

9-май күнү Тверский областында Совет солдатына арналган Ржев мемориалы жайгашкан. Жеңиш күнү Ржев мемориалынын үстүндө миңдеген дрондор Жеңиш күнүнө арналган жарык шоу көрсөтүшкөн.

Дрондор асманда Ржев мемориалынын көчүрмөсүн жаратып, Ата Мекендик согуш орденинин фигурасын чагылдырыган.

Тверск областында Ржев мемориалы Москва шаарынын батышында жайгашкан. Москва шаарынын жарандары Ржев мемориалында болгон дрон шоусунун жарыктарын көрүшү мүмкүн.

Жыйынтык: Видеодо дрондор шоусу тартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты