​«Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафону старт алды

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафону старт алды.

Мамлекет башчы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты