Көл жээгинде «Мен — көчмөнмүн» эл аралык туристтик жарманке ачылды

  • 3 года мурун

Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жатат.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, «Мен көчмөнмүн» деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык «ITF-2021» туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты.

“Бүгүнкү жарманкеде Кыргыз Республикасынын туризминин бир нече түрлөрү: экологиялык, ден соолукту чыңдоо, маданий-билим алуу, айыл-чарба туризми, жайлоо туризми, экстремалдык-окуялык туризм сындуу туризм тармагынын түрлөрү сунушталат” деди мамлекет башчы

Чяолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунан башталган «ITF-2021» эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Сүрөт: kabar. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты