​Соттун чечими менен «Кумтөрдөн» дагы 2 миллиарддан ашык сом өндүрүлмөй болду

  • 3 года мурун

14-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр» компаниясынан 2 млрд. 105 млн. 631 миң 566 сом өндүрүү чечимин кабыл алды.


«Кумтөргө» каршы доо арыз Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан берилген. Соттун чечими менен 2 миллиард 105 миллион 631 миң 566 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмдөрүн жана 10 миллион 583 миң 157 сом өлчөмүндө мамлекеттик пошлинаны мамлекеттин пайдасына өндүрүп берүүсү милдеттендирилди. Тараптар бул чечим боюнча 30 күндүн ичинде апелляциялык сотко даттанууга укуктуу ”, — деп жазылган Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Буга чейин мөңгүлөрдө таштанды сактап, экологиябызга ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн соттун чечими менен «Кумтөргө» 261,7 миллиард сом айып салынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты