​Каалоочулар «Sputnik V» вакцинасын акы төлөп сайдырса болот

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун айтымында, орусиялык «Sputnik V» вакцинасы 65 жаштан өткөн адамдарга, өнөкөт оорусу барларга, мугалимдер жана ИИМ кызматкерлери үчүн акысыз болот.


Калган каалоочуларга сатып алып, эмдөөдөн өтүү сунушталды. Баасын Монополияга каршы күрөшүү комитети аныктайт.

Буга чейин Кыргызстанга аталган вакцинанын эки партиясы келген.

«Апрель айында Россия менен 1 миллион дозаны сатып алуу боюнча келишим түзгөнбүз. Июнь айында биз 100-200 миң дозадан баштап жеткире баштайбыз. Ал эми «AstraZeneca» вакцинасынан май айынын аягына чейин 420 миң доза алынып, каалоочуларга бекер эмдөө алышат»,- дейт министрдин орун басары.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты