​“Эмгек” партиясы Баткен элине жардам берүү менен шайлоонун мыйзамын буздубу? Фактчекинг

7-май күнү Махинур Ниязова Facebook баракчасына “Эмгек” саясий партиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамын бузуп жатканын билдирген. Маалыматта, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылганга чейин саясий партияларга кайрымдуулук менен алектенүүгө болбой турганына карабастан, Эмгек партиясынын лидери Жаныбек Абиров 200 миң сом кайрымдуулук кылганы айтылган. Ошондой эле, “Дордой” ассоциациясынын Баткенге бала-бакча куруп берүү демилгеси да мыйзамсыз экени белгиленген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Мыйзам шайлоо жыйынтыкталганга чейин кайрымдуулук жасоого тыюу салат

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинде шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнгө чейин, талапкерлер жана алардын жакын туугандары кайрымдуулук жасоого укуксуз экени жазылган.

Эгерде, бул мыйзам бузулса Борбордук Шайлоо Комиссиясы партиясы эскертүү берип же шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгара алат.

“Эмгек” партиясынын кайрымдуулук кылганы далилденген эмес

“Эмгек” партиясынын лидери Жаныбек Абиров, Баткендеги куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө 200 миң сом өлчөмүндө кайрымдуулук кылганын социалдык тармактарга бөлүшкөн эмес. Ал эми Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов, Жаныбек Абиров бул маалыматты төгүндөп жатканын жана бул боюнча эч бир далил жок экенин билдирген.

Мындан сырткары, “Эмгек” саясий партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков ээлик кылган “Дордой” Ассоциациясы Баткен облусуна бала бала-бакча салып берээри тууралуу маалымат чыккан. Партиянын курамында Аскар Салымбеков болбогону менен анын тууганы Жумабек Салымбеков бар. Ал, “Дордой” Ассоциациясынын вице президенти экени белгиленген.

Бул маселе боюнча Борбордук Шайлоо Комиссиясына байланышканыбызда, “Эмгек” партиясы мыйзамды бузду деген арыздар келип түшпөгөнүн, бирок шайлоонун жыйынтыгы расмий жыйынтыкталганга чейин мыйзам бузуу катталса тиешелүү чаралар көрүлөөрүн билдиришти.

11-апрелде өткөрүлгөн шайлоодо, Бишкек шаары боюнча Эмгек партиясы эң көп добуш алып, 9 мандатка ээ болгон.

Белгилей кетсек, Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылышы керек болчу. Бирок, Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын сотуна байланыштуу бул процесс токтотулган.

Жыйынтык: “Эмгек” партиясы кайрымдуулук жасоо аркылуу мыйзамды бузганы далилденген эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты