Каптагаев: ​Ташкул Керексизовдун көп сыры купуя бойдон кетти

Кечээ, 9-май күнү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизов акыркы сапарга узатылды. Ташкул авамды түшүнүү кыйын эле… анткени ал бүгүнкү турмуш реалдуулугуна шайкеш келбеген, ишке ашар-ашпасы күмөн же адам баласынын башына таптакыр келбей турган ойлорду, идеяларды айтчу. Аябай кыялкеч болчу… Анын айтып жүргөн сөздөрүнүн, жасаган же жасайм деп далалат кылып жүргөн иштеринин түпкү маанисин дагы деле түшүнө элекпизби деп ойлойм…

Ташкул авам менен бир уруктанбыз, Ысык-Көл районунун Чоктал айылынан Бактуу-Долонотуга чейинки айылдарда тутумдаш турмуш кечирип жаткан Саяктын Бакачы уругунун Жайыл уулунан Ташкул авам болсо, Бакачынын Кожош уулунан менмин, жетинчи атадан кошулабыз. Жайыл уулу Караой, Чолпоната, Бактуу-Долонотуда турушат.

Бабасы Керексиздин сөөгү азыркы Чолпон-Ата ат майданынын батыш тарабындагы кабырга коюлган. Чоң атасы Бердибай бий болгон, ошондой эле 1916-жылкы козголоңдо элдин башында турган, кийин Совет өкмөтү аны кулакка тартып, Украинага айдап жиберген. Атасы Жанузак дагы Украинага сүргүнгө барып келген.

Жанузактын бир тууганы Бакачар азыр тирүү, 92 ге келди, Бактуу-Долоноту айылында турат. Бул жерде ал кишинин уулдары Темир, Жакыптар аза күтүп турушат. Керексиздин бир туугандарынын тукумдары Кара-Ойдо жашайт, бул жерге Болот Карабалаев баш болгон туугандар келишти. Ошондой эле авамдын зыйнатына Ысык-Көл облусунун, райондун жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилиги, Бишкек шаарындагы Ысык-Көл ынтымак фондусунун аксакалдары турушат.


Ташкул авамды түшүнүү кыйын эле…

Ташкул авамды түшүнүү кыйын эле… анткени ал бүгүнкү турмуш реалдуулугуна шайкеш келбеген, ишке ашар-ашпасы күмөн же адам баласынын башына таптакыр келбей турган ойлорду, идеяларды айтчу. Аябай кыялкеч болчу… Анын айтып жүргөн сөздөрүнүн, жасаган же жасайм деп далалат кылып жүргөн иштеринин түпкү маанисин дагы деле түшүнө элекпизби деп ойлойм…

Менин жеке баамымда бүгүн Ташкул Жанузак уулу деген бир эле адамды жоготуп жаткан жокпуз, түшүнгөн адамга биз бүгүн “Ташкул” деген бир өзгөчө ААЛАМДЫ жоготуп жатабыз… Тилекке каршы “Ташкул ааламынын” көп сыры купуя бойдон кетти… Биз үчун ачылбай калды…

Ал кыргыз эли дүйнөгө өзүнүн улуу руху менен, көөнөрбөс руханий казынасы менен, өзүнун улуттук нарк-насили менен таанылса , башка элдердин арасында өз ордун тапса деп кыялданды… дүйнөгө кыргыз элин ачып берүүгө, таанытууга далалат кылып келди.

Манас эпосу, кыргыздын үч кыл комузу, кыргыздын бозүйү, кыргыз шырдагы кыргыз рухунун өзөгү боло турганын баамдай алды, аларды дүйнөгө даңазалоонун аракетин кылды, манасчылардын алпы болгон Саякбайды туу тутту, анын бирдиктүү образын жаратты.

Ташкул авам элибиздин сыймыгы болуп калган “Рух Ордону” жаратты, эл аралык мааниге ээ болуучу “Аалам Ордо” долбоорун баштады, акыркы жылдары Талды-Суу өрөөнүндө “Шам Бала” долбоорун, ал жерде курулуш иштерин баштады. Мындан 7 жыл мурда Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун 60 жылдык мааракесине катышууга Кытайга барып калдык. Ошол мааракеде Артуш шаарынын борборуна Ташкул авам курган уникалдүү комплекстин салтанаттуу ачылышы болду.

Кадимки кыргыз боз үйүнүн формасында заманбап этно-музей жаралыптыр. Ошондо барган делегация мүчөлөрү: “Ташкул авабыз Артуштун чок ортосуна кыргыздын эн тамгасын бажырайта басыптыр” – деп сыймыктанып кайтканбыз.

Ташкул Керексизовдун баштаган иштери жерде калбайт, алар уланат, өтөөсүнө чыгат деп терең ишенем… элибиздин уучу куру эмес, жигердүү жаштар өсүп келе жатат…

ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты