​Жаңы Конституциянын мыйзамдары кабыл алынган күнү эле бузулганы чындык (Фактчекинг)

7-май күнү, Айданбек Акматов аттуу Фейсбук колдонуучусу жаңы кабыл алынган Конституциянын мыйзамдары одоно түрдө бузулганын жазган.

Ал, жаңы Баш мыйзам боюнча, Министрлер кабинетин жана Президенттин администрациясын бир адам жетектеши керектигин жана бул мыйзам сакталбаганын билдирген.


























ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Президент ЖК нын макулдугусуз Министрлер кабинетин дайындай алаары мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 5-май күнү Министрлер кабинетин түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалган.

Бирок, бул жарлык Жогорку Кеңештин талкуусу жана макулдугусуз кабыл алынганы, социалдык тармакта түрдүү пикирлерди жараткан. Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева, аталган жарлык жаңы баш мыйзамдын 80-беренесине каршы экенин билдирген.

Мыйзамдын 80-беренесине ылайык, президент тарабынан сунушталган Министрлер Кабинетин түзүүгө Жогорку Кеңеш макулдугун бериши керек. Бирок, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште расмий отурум болгон эмес.

Бул боюнча президенттин пресс кызматы 7-май күнү билдирүү тараткан. Анда, президент мыйзамдын 4-беренесине ылайык Министрлер кабинетин түзүүдө Жогорку Кеңештин макулдугун алууга милдетүү эмес экени айтылган.

Бирок, Конституциянын 4-беренесинде бийликтин принциптери жазылып, “Президент керек учурда Жогорку Кеңештин макулдугусуз Министрлер кабинетин дайындай алат” деп так көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамдын 89-беренеси бузулган

7-май күнү, Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган. Баш мыйзамдын 89-беренесин боюнча, Министрлер кабинетинин төрагасы Президенттин администрациясын да жетектеши керек.

Башкача айтканда, Министрлер кабинетинин төрагасы катары, Улукбек Марипов Президенттин аппаратын да жетектеши керек эле. Бирок, бул норма аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоодо Жаңы Конституцияны кабыл алууга 79% шайлоочу добуш берген.

Жыйынтык: Министрлер кабинетин жана Президенттин аппаратынын жетекчилерин дайындоодо мыйзамдын 2 беренеси бузулганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты