​Галина Байтерек атындагы аккаунттан коркутуу маанайындагы комментарий калтырылды. Фактчекинг

7-майда Жанар Акаев Жеңиш Молдокматовдун камакка алынуусу боюнча фейсбук баракчасына президенттин бийлигине сын-пикир айтып, пост киргизген. Анын астына президенттин Басма сөз кызматынын катчысы Галина Байтерек атындагы аккаунттан коркутуу маанайындагы комментарий калтырылган. Комментарийдин өчүрүлгөнүнө карабай, анын скриншоту интернетке жарыяланып, бир топ талкуу жаратты. Айрымдары бул чын эле Галина Байтерек тарабынан болгон коркутуу экенин жазышса, айрымдары бул комментарий фейк аккаунт аркылуу жазылган болушу мүмкүн экендигин белгилешти.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Азыркы учурда фейсбукта Галина Байтеректин атында 4 аккаунт бар. Бирок алардын эч биринин профили оригинал аккаунттун профилине окшобойт.

Ал эми кечээ саат 23:22де жасалган скриншоттон Галина Байтеректин жеке аккаунту менен биргеликте фейк аккаунтту да көрүүгө болот.

Сап башында турган катталуучулары көп баракча Галина айымдын өзүнө тиешелүү болуп, ал эми дал ошондой эле сүрөт коюлган экинчи баракчанын фейк экендиги, жана калтырылган комментарий ушул аккаунттан калтырылган болушу мүмкүн экендиги болжолдонгон. Бир канча убактан кийин экинчи баракча өчүрүлдү.

Коомдук активист Улан Үсөйүн фейк аккаунттун комментарий жазылгандан кийин ачылгандыгын, жана ал өчүрүлгөнгө чейин аны тастыктаган видео сактап калгандыгын айтты.

Бүгүн, 8-майда аталган видео Баштан Башта медиасына жарыяланды. Видеодо “Комментарий тартылып алынган скриншот саат 20:10до киргизилген болсо, фейк аккаунттун саат 22:11де ачылган”,- деп берилет.

Белгилей кетчү жагдай, активист фейк аккаунттун ачылганын текшерүү максатында андагы алгачкы киргизилген сүрөттүн датасын караган. Бирок ал дата баракчанын ачылган убактысын так көрсөтө албайт. Башкача айтканда фейсбукта баракча ачкан адам узак убакыт сүрөт киргизбей деле колдоно берүүсү мүмкүн экени белгилүү.

Бул маселе боюнча Галина Байтеректин өзүнө кайрылганыбызда:

Мен акыркы постумду киргизгенден бери эч бир жерге комментарий калтырган эмесмин. Фейк аккаунттар тарабынан менин атымдан ар нерсе жазылып, баракчама кирүү аракеттери болууда. Кечээ да ошондой болду. Ошондуктан аккаунтумду верификация кылдым, эми эч ким кире албайт. Ушундай кырдаалда алдыга жылуу үчүн бири-бирибизди колдошубуз керек. Мындай каралоолор адамдыкка жатпайт”, — деп жооп берди.

Жыйынтык: Билдирүүнүн Галина Байтерек тарабынан калтырылганы такталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты